2022-жылдын июнь айынан бери Чүй облусунда 3,5 миң аял көкүрөк безинин жана жатын моюнчасынын рагы боюнча текшерүүдөн өткөн

18.01.2023 / Просмотров: 170

2022-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер ҮДТ жана ЖДПБ Кыргызстанда көкүрөк безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы боюнча скринингдик программасынын башталгыч аянтчасы болуп калды. 
“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык медициналык гуманитардык уюму (MSF) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте көкүрөк безинин жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу боюнча жаңы программаны ишке киргизди, анын максаты ракты эрте аныктоо жана үч жылдын ичинде 60 000ге жакын аялдарды камтуу пландаштырылган. 
2022-жылдын 15-июнунан бери 3500 аял текшерүүдөн өтүп, анын ичинен бир аялда көкүрөк безинин рагы аныкталган. 2441 аял көкүрөк безинин рагына, 2219 аял жатын моюнчасынын рагына скринингден өткөн. 1100 аялда жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар аныкталып, дарыланган. 2029 аял үй-бүлөнү пландоо боюнча консультация алышкан. Көкүрөк безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдар арасында эң көп катталган рак ооруларына кирет, ошондой эле бул рак оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

 

P.S. фото MSF инстаграм баракчасынан алынды

Другие Новости

03.02.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмү боюнча республикалык комиссиянын отуруму болуп өттү

2023-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Гүлнара Баатырованын төрагалыгы алдында энелердин өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын отуруму болуп, анда Чүй облусундагы Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндөгү 19 жаштагы келиндин төрөт учурунда каза болгон окуясы каралды.

Бул иш боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тааныштырды. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 19 жаштагы тургунуна медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтерге токтолду. Жаңы көз жарган эненин өлүмү полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсистин өнүгүшүнөн болгон деген тыянактарды айтты. Соттук-медициналык экспертизанын жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, мындай корутунду берилген медициналык документтердин негизинде чыгарылган.

Жыйындын жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова эне менен баланын ден соолугун коргоо саламаттыкты сактоо тармагынын ишинде ар дайым артыкчылыктуу багыт болуп келгендигин жана боло берээрин белгиледи. «Жаш эненин өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн дагы, биз үчүн дагы чоң трагедия. Эмне үчүн биринчи баскычтан баштап, үчүнчү деңгээлге чейин биз, дарыгерлер, анын абалын көз жаздымда калтырдык? Мындай абал райондун эки саламаттык сактоо уюмунун ортосунда макулдашылбаган аракеттер болгондугун, райондук ЖДПБ тарабынан тийиштуу көзөмөл жок экендигин айгинелейт. Ар бир бейтаптын, ар бир эне жана баланын өмүрү үчүн биз акырына чейин күрөшүшүбүз керек. Бардык кемчиликтер үчүн күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы керек», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Отурумдун жыйынтыгында ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш-аракеттерин жетиштүү координация жасабагандыгы үчүн Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б.К.Мамытовага сөгүш жарыяланды;

Эненин өлүмүнө алып келген ыкчам акушердик жардам көрсөтүүнү начар уюштургандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ЖДПБнын директору Мукаева Р.М., директордун орун басары Сабырова Н.Э., ЖДПБнын төрөт бөлүмүнүн башчысынын м.а. Бегалиева А.Н.; Санавиация тармагындагы функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн (санавиациянын линиясы аркылуу чыгуудан баш тарткандыгы үчүн) №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.М.Маматалиев ээлеген кызматынан бошотулсун.

Ошондой эле Ысык-Ата райондук ЖДПБнын айрым кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилгенден кийин чара көрүлөрү айтылды.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине ишенип берилген уюмдарда кош бойлуу, төрөй турчу жана төрөгөн аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлүшүн катуу көзөмөлгө алууну камсыз кылуу, сапаттуу медициналык жардамга муктаж аялдарды координациялоо жана багыттоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды. Медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн медициналык деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн методикалык жана практикалык жардам көрсөтсүн. 

03.02.2023
Кыргызстанда цефтриаксондон улам анафилактикалык шоктун 9 учуру катталган

Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январын айында аллергиялык реакциянын дароо пайда болчу түрү – анафилактикалык шоктун 9 учуру тууралуу билдирүү келип түшкөн, алардын бири өлүмгө алып келген. Анализ ар кайсы өндүрүүчүлөрдүн (Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Россия) дары-каражатына (цефтриаксон) реакциялар болгонун көрсөттү.

Маалыматтар көрсөткөндөй, 5 учурда кыйыр таасирдары-дармектерди үй шартында, медайымды үйгө чакыртып, кошунага сайдырып б.а. анамнез албастан, лабораториялык анализдерди тапшырбастан, медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүсүз колдонуудан улам келип чыккан.

Эксперттер анафилактикалык шоктун көбөйүү тенденциясы байкалып жатканын белгилеп, ал антибактериалдык дарыларды көзөмөлсүз, рационалдуу эмес колдонуунун натыйжасы болушу мүмкүн дешет. Анафилактикалык шоктун өнүгүү ылдамдыгын жана дары-дармек жана аллергологиялык анамнезди көңүл тышында калтыруу фактыларын эске алуу менен дары-каражатын ийне аркылуу саюу дарыгердин көзөмөлү астында  жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарылоо бөлмөлөрүндө гана жүргүзүлүшү керек! Амбулатордук негизде дарыланган бейтаптарга антибиотикалык каражаттардын таблетка түрүн колдонуу сунушталат. Анафилактикалык шок түрүндөгү терс реакциялардын жогорку жыштыгына, оордугуна жана өнүгүү ылдамдыгына көңүл буруу зарыл. Антибактериалдык препараттар дарыгердин рецепти менен гана сатылышы керек!

Өз алдынча дарыланбаңыз!

Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти кандай гана болбосун шектүү терс таасирлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине билдирүүгө чакырат.

01.02.2023
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарына 33 тез жардам унаасы сатылып алынды

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, республиканын калкынын тез медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында “Акылдуу шаар” долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылы 169 347 500 сом кошумча каражат бөлүнгөн.
«Коопсуз шаар» долбоорунан бөлүнгөн кошумча каражаттын эсебинен Министрлик тарабынан республиканын алыскы аймактары, областтык жана райондук борборлору үчүн, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы тез жардам кызматынын адистештирилген бригадалары үчүн  33 «Соболь» жана «Газель» маркасындагы тез жардам унаалары сатылып алынды. 
Автоунаалар тез жардам станциясынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн республиканын аймактарына, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларына бөлүштүрүлөт.

Автоунаалардын аймактарга жана шаарларга бөлүштүрүлүшү:
1. Баткен облусуна – 7 унаа
2. Жалал-Абад облусуна -6 унаа
3. Ош облусуна -3 унаа
4. Ысык-Көл облусуна – 5 унаа
5. Нарын облусуна – 2 унаа
6. Талас районуна -2 унаа
7. Чүй облусуна -1 унаа
8. Бишкек шаарына -5 унаа
9. Ош шаарына -2 автоунаа
Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 2020-ж. 39 тез жардам унаасы сатылып алынып, Кыргызстанга 2021-жылы жеткирилген.