Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

03

02

2023

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмү боюнча республикалык комиссиянын отуруму болуп өттү

03.02.2023

Кыргызстанда цефтриаксондон улам анафилактикалык шоктун 9 учуру катталган

01.02.2023

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарына 33 тез жардам унаасы сатылып алынды

03.02.2023
Кыргызстанда цефтриаксондон улам анафилактикалык шоктун 9 учуру катталган

Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январын айында аллергиялык реакциянын дароо пайда болчу түрү – анафилактикалык шоктун 9 учуру тууралуу билдирүү келип түшкөн, алардын бири өлүмгө алып келген. Анализ ар кайсы өндүрүүчүлөрдүн (Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Россия) дары-каражатына (цефтриаксон) реакциялар болгонун көрсөттү.

Маалыматтар көрсөткөндөй, 5 учурда кыйыр таасирдары-дармектерди үй шартында, медайымды үйгө чакыртып, кошунага сайдырып б.а. анамнез албастан, лабораториялык анализдерди тапшырбастан, медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүсүз колдонуудан улам келип чыккан.

Эксперттер анафилактикалык шоктун көбөйүү тенденциясы байкалып жатканын белгилеп, ал антибактериалдык дарыларды көзөмөлсүз, рационалдуу эмес колдонуунун натыйжасы болушу мүмкүн дешет. Анафилактикалык шоктун өнүгүү ылдамдыгын жана дары-дармек жана аллергологиялык анамнезди көңүл тышында калтыруу фактыларын эске алуу менен дары-каражатын ийне аркылуу саюу дарыгердин көзөмөлү астында  жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарылоо бөлмөлөрүндө гана жүргүзүлүшү керек! Амбулатордук негизде дарыланган бейтаптарга антибиотикалык каражаттардын таблетка түрүн колдонуу сунушталат. Анафилактикалык шок түрүндөгү терс реакциялардын жогорку жыштыгына, оордугуна жана өнүгүү ылдамдыгына көңүл буруу зарыл. Антибактериалдык препараттар дарыгердин рецепти менен гана сатылышы керек!

Өз алдынча дарыланбаңыз!

Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти кандай гана болбосун шектүү терс таасирлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине билдирүүгө чакырат.

03.02.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмү боюнча республикалык комиссиянын отуруму болуп өттү

2023-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Гүлнара Баатырованын төрагалыгы алдында энелердин өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын отуруму болуп, анда Чүй облусундагы Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндөгү 19 жаштагы келиндин төрөт учурунда каза болгон окуясы каралды.

Бул иш боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тааныштырды. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 19 жаштагы тургунуна медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтерге токтолду. Жаңы көз жарган эненин өлүмү полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсистин өнүгүшүнөн болгон деген тыянактарды айтты. Соттук-медициналык экспертизанын жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, мындай корутунду берилген медициналык документтердин негизинде чыгарылган.

Жыйындын жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова эне менен баланын ден соолугун коргоо саламаттыкты сактоо тармагынын ишинде ар дайым артыкчылыктуу багыт болуп келгендигин жана боло берээрин белгиледи. «Жаш эненин өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн дагы, биз үчүн дагы чоң трагедия. Эмне үчүн биринчи баскычтан баштап, үчүнчү деңгээлге чейин биз, дарыгерлер, анын абалын көз жаздымда калтырдык? Мындай абал райондун эки саламаттык сактоо уюмунун ортосунда макулдашылбаган аракеттер болгондугун, райондук ЖДПБ тарабынан тийиштуу көзөмөл жок экендигин айгинелейт. Ар бир бейтаптын, ар бир эне жана баланын өмүрү үчүн биз акырына чейин күрөшүшүбүз керек. Бардык кемчиликтер үчүн күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы керек», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Отурумдун жыйынтыгында ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш-аракеттерин жетиштүү координация жасабагандыгы үчүн Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б.К.Мамытовага сөгүш жарыяланды;

Эненин өлүмүнө алып келген ыкчам акушердик жардам көрсөтүүнү начар уюштургандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ЖДПБнын директору Мукаева Р.М., директордун орун басары Сабырова Н.Э., ЖДПБнын төрөт бөлүмүнүн башчысынын м.а. Бегалиева А.Н.; Санавиация тармагындагы функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн (санавиациянын линиясы аркылуу чыгуудан баш тарткандыгы үчүн) №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.М.Маматалиев ээлеген кызматынан бошотулсун.

Ошондой эле Ысык-Ата райондук ЖДПБнын айрым кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилгенден кийин чара көрүлөрү айтылды.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине ишенип берилген уюмдарда кош бойлуу, төрөй турчу жана төрөгөн аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлүшүн катуу көзөмөлгө алууну камсыз кылуу, сапаттуу медициналык жардамга муктаж аялдарды координациялоо жана багыттоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды. Медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн медициналык деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн методикалык жана практикалык жардам көрсөтсүн. 

01.02.2023
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарына 33 тез жардам унаасы сатылып алынды

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, республиканын калкынын тез медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында “Акылдуу шаар” долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылы 169 347 500 сом кошумча каражат бөлүнгөн.
«Коопсуз шаар» долбоорунан бөлүнгөн кошумча каражаттын эсебинен Министрлик тарабынан республиканын алыскы аймактары, областтык жана райондук борборлору үчүн, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы тез жардам кызматынын адистештирилген бригадалары үчүн  33 «Соболь» жана «Газель» маркасындагы тез жардам унаалары сатылып алынды. 
Автоунаалар тез жардам станциясынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн республиканын аймактарына, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларына бөлүштүрүлөт.

Автоунаалардын аймактарга жана шаарларга бөлүштүрүлүшү:
1. Баткен облусуна – 7 унаа
2. Жалал-Абад облусуна -6 унаа
3. Ош облусуна -3 унаа
4. Ысык-Көл облусуна – 5 унаа
5. Нарын облусуна – 2 унаа
6. Талас районуна -2 унаа
7. Чүй облусуна -1 унаа
8. Бишкек шаарына -5 унаа
9. Ош шаарына -2 автоунаа
Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 2020-ж. 39 тез жардам унаасы сатылып алынып, Кыргызстанга 2021-жылы жеткирилген.

31.01.2023
Диабеттик ретинопатияга скрининг жасоо боюнча саясий диалог болуп өттү

2023-жылдын 31-январында Бишкекте диабеттик ретинопатия оорусун алдын алуу максатында саясий диалог болуп өттү.
Иш-чараны КР Саламаттык сактоо министрлиги, ДССУ менен биргеликте уюштуруп, ага Элдик Курултайдын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, медицина кызматкерлери, ЖМК өкүлдөрү катышты.


Максаты: кант диабети менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча чечим кабыл алуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу. Себеби диабеттик ретинопатия эмгекке жарамдуу калктын арасында көздүн көрбөй калуусунун негизги себеби болуп саналат. Көздүн көрүүсүнүн начарлоосун эрте аныктоо жана лазердик дарылоо менен алдын алууга болот. Диабеттик ретинопатия үчүн системалуу скрининг программасы көздүн көрүүсүнүн начарлоосун алдын алуу үчүн зарыл.


«Кант диабети бүгүнкү күндө эң чоң социалдык көйгөйлөрдүн бири. Бул дартка чалдыккан жарандарбыз өтө эле көп, официалдуу санын айтсак 74 миңден ашык киши каттоодо турат. Бул оорунун эки түрү бар, анын бири диабеттик ретинопатия, мындай дартты эрте алдын албаса көз көрбөй калуусу мүмкүн. Мындай себептен улам жарандарыбызга скрининг жасайлы деп турабыз, бирок буга жогорку деңгээлдеги заманбап аппараттар керек болот, бүгүнкү иш-чарада аппарат менен каражат бөлүштүрүү маселелерин карап, жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз», -деп билдирди, Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков.


2022-жылдын декабрь айында диабеттик ретинопатияга скрининг жүргүзүү боюнча атайын тобу Кыргызстанга келген. Алар Аламүдүн пилоттук районунда диабеттик ретинопатия боюнча уюшкан скрининг программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кырдаалга талдоо жүргүзгөн. Скринингди ишке ашыруу боюнча корутундулар жана сунуштар көрсөтмөлүү долбоордун негизин түзгөн.


Долбоордун максаты-кант диабети менен ооруган бардык бейтаптар үчүн көздүн көрбөй калышын алдын алууга багытталган улуттук скрининг программасын жүргүзүү.

 Негизги сунуштар:

-  мамлекеттик сектордо уюшкан ДРС программасын ишке ашырууну колдоо үчүн жетиштүү потенциалы бар диабеттик ретинопатияны лазердик дарылоого акысыз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
- Диабеттик ретинопатияны аныктоо үчүн скринингдик тестти өркүндөтүү. 

- Дарыгерлер, медайымдар жана бейтаптардын катышуусунда ДР дарылоого командалык мамилени иштеп чыгуу. 

- Дарылоо жана алып баруу боюнча колдонмо иштеп чыгуу.


Кийинки кадамда мамлекеттик сектордо көздүн көрбөй калуу коркунучун туудурган диабеттик ретинопатияны диагностикалоо жана дарылоо потенциалын жогорулатуу үчүн негизги жабдуулар талап кылынат. 

  •  Лазер, линзалар жана фундус камераларын сатып алуу. 
  • ДРС программасын ишке ашыруу үчүн ресурстарды жана кадрдык муктаждыктарын көлөмүн аныктоо, дарылоо командасы үчүн окутуу программаларын иштеп чыгуу.
  • Билим берүү материалдарын иштеп чыгуу үчүн атайын бейтаптар менен жана уюмдар менен иштөө.
31.01.2023
КРнын Саламаттык сактоо министрлигинде “Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгүн жаңы шарттарда укуктук жөнгө салуу” боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 2023-жылдын 31-январында Бишкек шаарында “Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгүн жаңы шарттарда укуктук жөнгө салуу” боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Ага саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, ММК фондунун, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Саламаттыкты сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин Ассоциациясынын, «Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо» долбоорунун жана «Саламаттык сактоону башкаруу системасын чыңдоо» долбоорунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин компетенциясын камсыз кылуунун жаңыланган системасынын моделинин негизги звенолору жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин №508 буйругу менен бекитилген заманбап лидер үчүн зарыл болгон билимдердин жана көндүмдөрдүн спектрин аныктай турган «Саламаттык сактоону башкаруу» квалификациясы боюнча компетенциялар каталогу каралды.

«Системадагы жетекчилердин кесиптик потенциалын күчөтүү - биздин стратегиянын приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Саламаттык сактоо системасындагы уюмдарды сапаттуу жана натыйжалуу башкаруунун шарты болуп – саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин компетенттүүлүгү жана кесипкөйлүгү эсептелээрин белгилеп коюу керек”, -деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Иш-чаранын катышуучулары ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоо маселелерин, кадрлардын резервин түзүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо боюнча ЧУАнын негизги нормаларын жана талаптарын талкуулашты.

Жумушчу жолугушуу «Саламаттык сактоону башкаруу системасын чыңдоо» /АОЗ – Фаза II, Euro Health Group (Дания) тарабынан ишке ашырылып жаткан Долбоорунун жана Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Саламаттык сактоодогу демилгелер» коомдук фондунун (Кыргызстан) техникалык көмөгү менен уюштурулду.

31.01.2023
“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вакциналарды сактоочу эки аймактык кампаларында оңдоо иштери жүргүзүлдү

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVD-19га ыкча чара көрүү» долбоорунун алкагында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө райондор аралык борборлорунун Москва жана Кемин райондорунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө вакциналарды сактоочу кампаларында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Терезе, эшик, пол жабуу жана электр тармактарын алмаштыруу менен имараттын ичинде оңдоп жасоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле вентиляциялык соргучтар, суу жылыткычтар жана раковиналар орнотулуп, канализация түтүктөрү тазаланды.

“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында өлкө боюнча дагы вакциналарды сактоочу 3 кампаны оңдоо жана 8 кампа куруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, Долбоордун эсебинен КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине 50 тоңдургуч жана вакциналарды сактоо үчүн 50 термоконтейнер сатылып алынды.

 

Долбоордун максаты - тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү.

27.01.2023
Чүй облусунда жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүүдөн өтүү акциясы өткөрүлдү

Жыл сайын 4-февраль күнү белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Чүй облусунда жатын моюнчасынын жана көкүрөк рагын аныктоо боюнча масштабдуу иш-чара өткөрүлүүдө.

Акцияга 25 жаштан 60 жашка чейинки бардык каалоочу айымдар катыша алат. 25-27-январь аралыгында Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда көкүрөк безин текшерүү, жатын моюнчасынын рагын текшерүү жана кольпоскопия акысыз жүргүзүлдү.

Аялдар текшерилип, гинеколог, маммологдордон кеңеш алышты.

«Биз мындай акцияны тобокелдикке кабылган аялдар арасында өткөрүүнү чечтик.

Биз жашаган жерине карабай баарын кабыл алабыз. Бир күндө эле 100 аял текшерүүдөн өтүп, алардын төртөө Улуттук онкология жана гематология борборунун үчүнчү баскычына жөнөтүлдү.

Элдин көңүлүн профилактикалык текшерүүлөрдүн маанилүүлүгүнө буруп, мындай иш-аракеттер үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек, анткени адамдар бош болушу мүмкүн же текшерүүдөн өтүүгө каржылык мүмкүнчүлүктөрү жок болушу мүмкүн”, - дейт Эне жана баланы коргоо боюнча директордун орун басары Руфина Кожобекова.

“Андан сырткары акциянын алкагында үч күн ичинде Чүй облусу боюнча 350дөн ашык аял текшерүүдөн өттү,- деп кошумчалады Чүй облустук координатору Бактыгүл Мамытова.

Буга байланыштуу Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору Бишкек шаарына жана облустун башка райондоруна “эстафетаны” өткөрүп жатат.

Ошентип, 30-январдан 3-февралга чейин ушундай эле акциялар борбор калаанын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда өткөрүлөт. Учурда тиешелүү даярдыктар көрүлүүдө.

«Мен бардык аялдарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, текшерүүдөн өтүүгө чакырам. Өзүңүзгө жана ден соолугуңузга кам көрүңүз! Ошондой эле КММАда көкүрөк бези рагын изилдөөдөгү жогорку технологияларга арналган чоң конференция өтүп жатканын белгилейм. Ага бардык аймактардан онкологдор катышууда.

Калкыбызга жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү жана сапаттуу дарылоо максатында жаңы тенденциялар менен таанышып, пикир жана тажрыйба алмашууда», - деп кошумчалады Улуттук онкология жана гематология борборунун маммология бөлүмүнүн башчысы Чолпон Дөөлөталиева.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда эле жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учуру катталат.

30.01.2023
Саламаттык сактоо министрлигинде апталык кенешме болуп өттү

2023-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинде апталык кенешме болуп өттү. Жалпы республикалык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышкан кеңешмеде алдыга пландалган иш-чаралар, ошондой эле өткөн жумадагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Төрөт үйүндө алты ымыркайдын каза болушу талкууланып, саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова жетекчилерге эне жана баланын өлүмүн алдын алуу боюнча катуу талаптарды койду. «Ар Бир ата-эне баласынын жарык дүйнөгө келишин чыдамсыздык менен күтөт, эне 9 ай боюнда көтөрөт. Биздин милдет эне менен баланы дени сак үйүнө чыгаруу», - деп баса белгиледи. Ошону менен бирге Эне жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча Республикалык комиссиянын жумушу жанданып, медициналык кызматкерлерди окутуулар, методикалык-усулдук жардамды күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Санитардык эпидемиологиялык кызматка жер-жерлерде күнүгө жумушун саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдон баштоо талабын койду. Мындан тышкары 2023-жылы саламаттык сактоо тармагын «Коррупцияга жол жок» деген ураан астында иштөөгө үндөп, 2023-жылга карата ведомстволук коррупцияга каршы планга сунуштарды тез аранын ичинде киргизүүнү талап кылды.

30.01.2023
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун эндоскопия бөлүмүнүн башчысы Осмонов Акматбек Колдошович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана  Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун эмгек жамааты УЭжБКБнын эндоскопия бөлүмүнүн башчысы Осмонов Акматбек Колдошовичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Ал иштеген жылдар аралыгында эндоскопия бөлүмүндөгү олуттуу өзгөрүүлөргө салым зор. Тажрыйбасынын, билиминин жана жогорку моралдык-этикалык принциптеринин аркасында ал кесиптештеринин жана бейтаптардын арасында татыктуу кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана башка ведомстволордун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бул аза күтүү күнүндө үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул энергиялуу, шайыр инсандын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Осмонов Акматбек Колдошович 1964-жылы 14-сентябрда Ош облусунун Ленин районундагы Бүргөндү айылында туулган.
1987-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия факультетин аяктаган. 1987-1989-жылдары КММИде «Балдардын анестезиологиясы жана реаниматологиясы» адистиги боюнча клиникалык ординатурадан өткөн.
1989-1999-жылдары Республикалык диагностикалык борбордо эндоскопист болуп иштеген.
2001-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук эне жана баланы коргоо  борборунда эндоскопия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

27.01.2023
Эдил Байсалов Каракол шаарында ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн талдоо боюнча республикалык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 27-январда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө Эне, ымыркай жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын жыйыны өтүп, анда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн алты баланын өлүмү талкууланды.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева жана дарыгерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы неонатологу Сагынбү Абдувалиева жаңы төрөлгөн 6 баланын экөөнүн салмагы аз болуп, ара төрөлгөнүн билдирди. Ал эми төрт ымыркай толук мөөнөттүү төрөлгөн, алардын өлүмүнө инфекция себеп болгон.

КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жыл башында Каракол шаарындагы төрөт үйүндө алты баланын каза болушу абдан кейиштүү жана резонанстуу окуя экенин белгиледи. «Бул кейиштүү окуя төрөт үйүндө бардык керектүү медициналык жабдыктар бар экенине, дары-дармектер менен толук камсыз болгонуна, тартыштык болбогонуна карабастан болду. Эксперттик топтун корутундусуна ылайык, төрөт үйүнүн жетекчилиги менен кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилеси бар. Апасы баласын 9 ай  көтөрүп, анын төрөлүшүн үмүт менен күтөт.  Жаңы төрөлгөн баланын чарчап калуусу - ата-эне үчүн чоң кайгы. Буга байланыштуу 2023-жылы бардык медицина кызматкерлери коррупциясыз иштешин жана өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун талап кылам», - деди министр.

Ошондой эле, министрдин орун басары Улан Садыков комиссиянын ишинин негизинде кабыл алынган чечимди билдирди. Анда, Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо тармагынын алты жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду:

1. Саламаттыкты сактоонун облустук координаторунун м.а. М.Б. Кыдырбаева;

2. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жетекчиси М.Ө. Сагынбаев;

3. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүнүн жетекчиси И.К. Атагельдиева;

4. Ысык-Көл облустук  бириккен ооруканасынын төрөт үйүнүн төрөт бөлүмүнүн башчысы Р.К. Алдашева;

5. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ресурстук борборунун жетекчиси А.Т. Айткулиева;

6. Ысык-Көл облустук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Г.Б. Тайлакова.

 

Мындан тышкары төрөт бөлүмүндөгү айрым кызматкерлерге жана Ысык-Көл облустук милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Т.Исаевге сөгүш берилди. 

26.01.2023
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Биовит» фармацевтикалык заводунун иши менен таанышты

Бүгүн, 26-январь 2023-жылы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусунда жайгашкан «Биовит» ЖЧКсынын фармацевтикалык заводуна барып, өндүрүштүк жайлары менен таанышты.

Заводдун башкы директорунун орун басары Табышбек Орозалиев Э.Байсалов менен КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатыровага экскурсия жасап, өндүрүш цехтерин, эл аралык аккредитациядан өткөн лабораторияны, курулуп жаткан жаңы заводду жана дары-дармек сактоочу кампаны көрсөттү. 

Адегенде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары таблетка жана капсула түрүндөгү генерикалык дары-дармектерди чыгаруучу цехтин иши менен таанышты. Байсаловго таблеткаларды, капсулаларды, порошокторду даярдоо кандай жүргүзүлүп жаткандыгы күрсөтүлдү. Завод стерилдүү эмес генерикалык дарылардын 83 түрүн чыгарат: таблеткалар, капсулалар, порошок жана эритмелер. Цехтер кымбат баалуу өндүрүш жабдуулары жана HVAC системасы (жылытуу, желдетүү, кондиционерлөө жана абаны тазалоо системалары) менен жабдылган. Андан соң делегацияга ISO 17025 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык аккредитацияланган заманбап дары-дармек каражаттарынын сапатын көзөмөлдөө лабораториясын көрсөтүштү жана стерилдүү дарыларды: ири көлөмдөгү парентералдык эритмелерди, көзгө тамчылатмаларды чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштүк комплекстин курулушу менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары «Биовит» ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүү боюнча пландарын бекитти. Заводдун башкы директорунун орун басарынын айтымында, рыноктун талабына ылайык генерикалык дарыларды чыгаруунун эсебинен «Биовит» продукциясынын ассортиментиндеги дары-дармектердин үлүшү тынымсыз өсүп жатат. 20 жылдан ашуун убакыт ичиндеги өндүрүштүк ишмердүүлүгүндө «Биовит» ЖЧКсы продукциянын ассортиментин кеңейтип гана тим болбостон, башка сатуу рынокторун да өздөштүргөн – Россия, Украина, Германия, Чехия продукцияны импорттоочулар болуп саналат. Өндүрүлгөн дары-дармектердин ассортименти кеңейүүдө, ошол эле учурда ички дары-дармек рыногуна сапаты талапка жооп берген дары-дармектер импорттолгон аналогдорго караганда төмөн баада сунушталууда.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өндүрүштүн көбөйүшү Кыргызстандын сапаттуу жана арзан дарыларга болгон муктаждыгын толуктап, өлкө сырттан келген жеткирүүлөргө көз каранды болбой турганын белгиледи. «Биздин алдыбызда Кыргызстанда фармацевтика тармагын өнүктүрүү милдети турат, ошондуктан ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо маанилүү», - деди Э.Байсалов.

 

Маалымат үчүн:

2013-жылы «Биовит» ЖЧКсы улуттук лицензиялык талаптарга жана шарттарга толук жооп берген дары-дармектерди чыгаруу боюнча жаңы завод курган.

«Биовит» ЖЧК өндүрүштү пландаштырууда көптөн бери белгилүү рецепттерге карата заманбап талаптарды, ошондой эле саламаттыкты сактоонун социалдык маанилүү багыттарын эске алган: мисалы, ДССУнун сунуштарын эске алуу менен азыркы учурда препараттын эски рецептурасынын ордуна төмөнкү молекулярдык ОРТ чыгарылууда; коомдук мааниге ээ болгон «Гулазык» продукциясын чыгаруу өздөштүрүлдү, балдардын диареясына каршы цинк сульфатынын тез эрүүчү таблеткаларын чыгаруу ж.б. технологиялар өздөштүрүлдү.

25.01.2023
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкектеги перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү жана кургак учукка каршы оорукананын абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Республикалык перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Медициналык мекеменин курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган перинаталдык борбор заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Медициналык мекемеде ар кандай патологиялар жана оорунун өрчүп кетүүсүнөн улам келип чыккан татаал операциялар жасалат. Ооруканада 203 бейтапка орун каралган. Борбор ушул жылдын экинчи жарымында ишке берилиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ош жана Талас облустарында ушундай перинаталдык борборлор курулат.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, быйылкы жылы республиканын аймактарында 7 заманбап оорукана курулат.

Ошондой эле ал перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруунун, анда медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин жалпы жана техникалык абалын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы №6 клиникалык төрөт үйүн реконструкциялоону жыйынтыктоону, медицина кызматкерлерин перинаталдык борбордо ар кандай патологияга кабылган кош бойлуу айымдарга жана ымыркайларга кам көрүүнүн жыйынтыктарын жакшыртуучу заманбап жабдууларды колдонуу боюнча окууларды өткөрүүнү тапшырды.

Андан соң Акылбек Жапаров Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен курулган шаардык кургак учукка каршы жаңы ооруканасына барды. Оорукана 128 бейтапка ылайыкталган.

Учурда мекемеге медициналык жабдуулар орнотулуп, анын ачылышы үстүбүздөгү жылдын февраль айына пландалууда.

25.01.2023
Кыргызстанга мобилдик компьютердик томографты алып келүү пландалууда

2023-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде RTIC Радиологиялык технологиялардын эл аралык кызматташтык академиясы (Япония) жана Sansei Корпорациясынын (Япония) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда жапон тарап мобилдик томографтарды киргизүү долбоору Өзбекстан Республикасы менен Тажикстан Республикасында өзүн ийгиликтүү көрсөткөнүн белгиледи. «Долбоор бир жылга эсептелген, бул аралыкта кыргызстандык адистерди окутуу жана республиканын алыскы аймактарынын жашоочуларына диагностикалык кызматтарды көрсөтүү пландаштырылууда. Мобилдик КТнын артыкчылыгы - анын толук автономиясы, аны электр энергиясына туташтыруунун кереги жок. Жылдын аягында кызматташуубузду кеңейтүү боюнча кийинки кадамдарыбызды карап чыгабыз», - деди Япониянын радиологдор ассоциациясынын президенти Kaoru Matsubara мырза.

   «Технологиялык жана инновациялык ыкмаларды колдонуу алыскы аймактардагы калкты скринингден өткөрүү, жүрөк ооруларын, шишиктерди, инсульттарды, өпкө жана башка ички органдардын ооруларын эрте диагностикалоо үчүн зарыл. Биз дагы бул долбоорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз жана Япония Өкмөтүнө бул демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууну күтөбүз”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Жолугушуунун аягында УКжТ борборунун имаратында Улуттук кардиология жана терапия борборунун, RTIC Радиологиялык технологиялардын эл аралык кызматташтык академиясынын (Япония) жана Sansei Корпорациясынын (Япония) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду. Бул кызматташтыктын алкагында Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр жана башка социалдык маанилүү ооруларды эрте диагностикалоо үчүн мобилдик компьютердик томографиялык сканерлерди киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында RTIC Радиологиялык технологиялар академиясы дарыгерлерди жана рентгенологдорду, өзгөчө жаштарды компьютердик томографиянын негиздерине үйрөтүүнү, Sansei Корпорациясынын (Япония) компьютердик томографиянын заманбап технологияларын (MS-Cube) колдонуу менен практикалык курстарды жана мастер-класстарды өткөрүүнү пландаштырууда.

23.01.2023
Республикада кызамык боюнча абал туруктуу

Республикалык иммунопрофилактика борбору 2023-жылдын январь айында өлкөдө кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында кызамык жана кызылча оорусуна шектелген 10 кан үлгүсү лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, анын ичинен 4 анализ кызамык оорусуна  оң натыйжа, алардын бири Түркиядан алынып келинген жана 2 анализ кызылча оорусуна оң натыйжа берген.

Жалпысынан 2023-жылдын 23-январына карата 4 кызамык жана 2 кызылча оорусу катталган. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп жатат.

Республикада кызамык боюнча абал туруктуу, кызамык оорусунун айрым учурлары катталган. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча 2022-жылы 1 учур, 2021-жылы 3 учур катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү протоколдук тапшырмалар кабыл алынды: кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдү күчөтүү, эмдөөнүн маанилүүлүгү жана кызамыкты алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу иш-чараларын күчөтүү. Ошондой эле, саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан оорулуу менен байланышта болгондорду көзөмөлдөө боюнча эпидемиологиялык чаралар көрүлүүдө.

Маалымат үчүн:

Кызамык - бул вирус козгогон өтө жугуштуу инфекциялык оору. Бул инфекция жогорку сезгичтиги менен мүнөздөлөт - башкача айтканда, мурда кызамык менен оорубаган жана эмдөөдөн өтпөгөн адам кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, ооруп калуу ыктымалдыгы өтө жогору. Кызамык аба аркылуу жугат.

Инфекциянын булагы болуп кызамык менен ооруган бейтап саналат, ал инкубациялык мезгилдин акыркы 2 күнүнөн баштап тактар пайда болгондон 4-күнүнө чейин башкаларга жугузат. Оорунун башталшында сасык тумоого окшош симптомдор пайда болот: жалпы алсыздык, баш оору. Оорунун 1-2-күнүндө жаактын былжыр челинде майда аппак тактар ​​пайда болот, андан соң оору башталгандан 4-5 күндөн кийин тактар акырындык менен жайылып баштайт: адегенде кулактын артына, бетте, моюнда, кийинки сутка аралыгында денеде жана колдо, 3-күнү буттарда пайда болот. Жакынкы 3-5 күндүн ичинде оорунун белгилери азайып, температура төмөндөйт.

Кызамыктын атайын дарылоосу жок. Бирок оорунун алдын алса болот. Алдын алуунун жападан жалгыз эффективдүү ыкмасы бул эмдөө. Эгерде вирус эмдөө менен камтуу 98% кем эмес чөйрөгө кирсе, оору жайылбайт. Эмдөө менен камтуу жамааттык иммунитетти түзөт. Эмдөө календарына ылайык, кызамыктан коргонуу үчүн вакцинанын эки дозасын алуу керек: 1 жашта жана 6 жашта. КПК вакцинасы коопсуз жана эффективдүү, бир эле учурда үч жугуштуу ооруга каршы иммунитетти камсыз кылат: кызамык, паротит жана кызылча.

Урматтуу ата-энелер!

Эгерде сиздин балаңыз кызылчага каршы эмдөө ала элек болсо, анда азыр эмдөөдөн өтүү мезгили келди! Дарыгерге барганда балаңыздын профилактикалык эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктү өзүңүз менен кошо ала кетүүнү унутпаңыз.

Калкты эмдөө коомдук саламаттыкты сактоонун эң ийгиликтүү жана эффективдүү чараларынын бири болуп саналат. 

23.01.2023
Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 35 миллион сомдук микроскоп аппараты тапшырылды

Бүгүн, 2023-жылдын 23-январында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди. 

Аппараттын келүүсүнө “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому демөөрчүлүк кылган жана анын баасы 35 млн сомду түзөт.

 Микроскопту тапшыруу аземине “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунунун вице президенти Абакиров Улукмырза келип КР саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлеринин катышуусунда тапшырды. 

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова акыркы үлгүдөгү заманбап операциялык микроскоп бүгүнкү күндө нейрохирургия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аны менен бирге элибизге көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапаты көтөрүлөөрүн белгиледи. “Өлкө башчысы тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат, бүгүнкү алынган жабдуу дагы ошонун бир мисалы деп айтып кетким келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык жардамга муктаж бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырып, ошондой эле дарыгерлердин ишин да жеңилдетет. Биз бул үчүн “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди Гулнара Баатырова.

 Мындан тышкары өлкө жетекчилигинин демилгеси менен, калкка көрсөтүлчү медициналык кызматтын сапатын көтөрүү максатында саламаттык сактоо уюмдарына заманбап компьютердик томограф, рентген-аппараттар берилип жатканы айтылып, жакынкы арада Улуттук Госпиталга Магниттик резонанстык томограф аппараттары орнотулары да белгилүү болду.

 

23.01.2023
Сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, 2023-жылдын 3-жумасында 16-январдан 23-январга чейин республикада курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 7061 учуру катталган.

 

Өткөн жумага салыштырмалуу, 2023-жылдын 3-аптасында оорунун көрсөткүчү 100 000 адамга 101,9 болуп, 15,2%га төмөндөгөн.

 

Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын төмөнкү температуралык шартка туруктуулугун эске алуу менен (октябрдан мартка чейинки мезгил) калк арасында оорунун жайылышына күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

 

Бул эпидемиологиялык сезондо А тумоосу (анын ичинде 2 түрү: A (H1N1) 09 A (H3N2) жана В тумоосу катталууда.

 

Курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан адам, эгерде жөнөкөй алдын алуу эрежелери сакталбаса, курч респиратордук вирустук инфекциялардын башка түрлөрүн жуктуруп алышы мүмкүн, ошондуктан:

 

  • беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
  • дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
  • өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоонукуна окшош белгилери байкалганда дароо обочолонуу;
  •  санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун тазалыгы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)
19.01.2023
16-январдан баштап республика боюнча бойго жеткен калкты В гепатитине каршы эмдөө башталды

Республика боюнча бойго жеткен калкты В гепатитине каршы эмдөө башталды.
Жалпысынан республикада В вирустук гепатитине каршы 600 миң доза вакцина бар. Анын ичинде:
🔸 Гуманитардык жардамдын алкагында 450 миң доза;
🔹 Бюджеттик каражатка 150 миң доза сатылып алынды.

Биринчи этапта эмдөө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн. 2023-жылдын 16-январынан тарта республиканын бардык аймактарында эмдөө башталды.

2023-жылдын 17-январына карата 
🔹Бишкек шаарында 1636 адам, 
🔹Чүй облусунда 1642, 
🔹Ош шаарында 1330 адам В гепатитине каршы эмдөөдөн өткөн.

‼️Эс ке салсак, Кыргыз Республикасынын 23 жаштан 65 жашка чейинки жарандары бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан В гепатитине каршы эмдөөдөн өтө алышат. Эмдөө үч жолу бир ай жана 6 ай аралыкта жүргүзүлөт.

18.01.2023
2022-жылдын июнь айынан бери Чүй облусунда 3,5 миң аял көкүрөк безинин жана жатын моюнчасынын рагы боюнча текшерүүдөн өткөн

2022-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер ҮДТ жана ЖДПБ Кыргызстанда көкүрөк безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы боюнча скринингдик программасынын башталгыч аянтчасы болуп калды. 
“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык медициналык гуманитардык уюму (MSF) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте көкүрөк безинин жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу боюнча жаңы программаны ишке киргизди, анын максаты ракты эрте аныктоо жана үч жылдын ичинде 60 000ге жакын аялдарды камтуу пландаштырылган. 
2022-жылдын 15-июнунан бери 3500 аял текшерүүдөн өтүп, анын ичинен бир аялда көкүрөк безинин рагы аныкталган. 2441 аял көкүрөк безинин рагына, 2219 аял жатын моюнчасынын рагына скринингден өткөн. 1100 аялда жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар аныкталып, дарыланган. 2029 аял үй-бүлөнү пландоо боюнча консультация алышкан. Көкүрөк безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдар арасында эң көп катталган рак ооруларына кирет, ошондой эле бул рак оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

 

P.S. фото MSF инстаграм баракчасынан алынды

18.01.2023
Иммунизациялоону санариптештирүү

2023-жылдын 17-18-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги  «Санарип МЕД» Кыргыз Республикасынын санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсесинин колдоосу менен  2023-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында иммунизациялоону санариптештирүү боюнча Жол картасынын аягына чыгышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жол картанын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын калкын иммунизациялоо чөйрөсүндө санариптик трансформация, Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшүндө вакциналарды сатып алууну пландаштыруудан баштап персоналдаштырылган эмдөө тууралуу маалыматтарды түзүүгө чейин кагаздан санарип технологияларга өтүү уюштурулат,  ошондой эле натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн аналитикалык куралдар менен камсыз кылуу ишке ашырылат.
Бул чаралар иш кагаздарын кыскартуунун эсебинен медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтат, ошондой эле өлкө калкынын эмдөө боюнча жеке маалыматтарга жетүүсүн камсыздайт.

Эске салсак, буга чейин КР Саламаттыкты сактоо министрлиги i-Emdoo маалыматтык системасын иштеп чыкса, быйыл бул системаны иммунизациялоо процессине катышкан бардык саламаттык сактоо уюмдарына киргизүү пландалууда.

17.01.2023
Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында төрт саламаттыкты сактоо уюму жаңы жабдууларды алышат

2023-жылдын 17-январында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде Япония Өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында төмөнкү долбоорлор боюнча Гранттык келишимге кол коюу аземи болуп өттү:

1. «Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жалпы суммасы 143 447 АКШ долларына санариптик флюорограф жана ЛОР-комбайн орнотулат.

2. «Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борбору жалпы наркы 111 344 АКШ долларын түзгөн Fujifilm үлгүсүндөгү стационардык УЗИ аппаратын жана лапароскоп аппаратын топтому менен алат.

3. «Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык чөйрөсүн жакшыртуу долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 114 747 АКШ долларына эндоскопиялык операцияларды жасоо үчүн аппараттар жана инструменттер, ошондой эле геморрой ооруларын дарылоочу аппарат алынат.

4. «Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын Облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жалпы суммасы 95 547 АКШ долларын түзгөн стационардык Shimadzu рентген аппаратын алат.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий башкармалыгынын Атташеси Абдулла уулу Абдисухан мырза, ошондой эле грант алуучу уюмдар катышты: Жумгал райондук ЖДПБ, Мырза-Аке ЖДПБ, ООБКО жана Ысык-Көл ОҮМБ.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза менен грант алуучу уюмдардын жетекчилеринин ортосунда гранттык келишимдерге кол коюлду.

Куттуктоо сөзүндө КР Саламаттык сактоо министринин орун басары бул гранттык программанын калктын ден соолугун чыңдоого жана аймактык ооруканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга кошкон салымын баса белгиледи. Улан Садыков белгилегендей, Япония Өкмөтүнүн бул гранттык программасы жергиликтүү тургундардын негизги муктаждыктарын канааттандырууга, анын ичинде жергиликтүү тургундарды медициналык жабдуулар менен камсыздоо аркылуу медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” Программасынын негизги принциптерине шайкеш келет. Ал ошондой эле Японияда магистратурада жана докторантурада билим алып жаткан медицина кызматкерлеринин ийгиликтерине токтолду. Андан соң Япония өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык мындан ары дагы өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Өз сөзүндө Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза гранттык келишимдерге кол коюлгандыгына кубанычын билдирди жана бул программанын долбоорлору адам коопсуздугу жаатындагы негизги багыттарды - саламаттыкты сактоо, билим берүү же социалдык чөйрөнү колдойт. Берилген жабдуулар сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп, жергиликтүү калктын ден соолугун чыңдоого салым кошот деген ишенимин билдирди.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын директорлору көрсөтүлгөн жардам үчүн Элчи мырзага жана Япония Өкмөтүнө ыраазычылык билдиришти, алынган жабдыктар көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жакшыртаарын белгилешти. Директорлор берилген заманбап жабдыктар жергиликтүү калк үчүн эрте жана туура диагноз коюу жана дарылоо үчүн өтө зарыл экендигин, бүгүнкү медицинанын талабы болгон эндоскопиялык операциялар мындан ары операциядан кийинки татаалдашуу коркунучун азайтып, ооруканада жатуу мөөнөтүн кыскартарын белгилешти.